БЕХИСТУН ЖАЗМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕХИСТУ́Н ЖАЗМАСЫ – Байыркы Иран па­дышасы Дарий Iнин (б. з. ч. 522–486-ж. бийле­ген) буйругу м-н б. з. ч. 516-ж. Түн.-Батыш Ирандын Керманшах – Хамадан жолунун боюн­дагы Накш-и Рустем капчыгайындагы Бехис­тун аскасында чегилген жазуулар. Дүйнөдөгү эң көлөмдүү аска летописи. Анда б. з. ч. 522– 519-ж. Ахемениддер мамлекетиндеги окуялар ба­яндалат. Ал эки бөлүктөн турат: жогору жа­гында көтөрүлүшкө чыккан душмандарын чө­гөлөтүп турган Дарийдин сүрөтү, анын айлана­сында ж-а төмөн жагында клинопись (шынаа сымал) жазмасындагы байыркы перс, элам ж-а вавилон тилдеринде чегилген 14 саптан турган жазуулар бар. Жазмада Дарий Iнин О. Азияга

Бехистун аскасы. Иран.


жасаган жортуулу ж-а ал басып алган элдер, О. Азия ж-а Теңиртоо аймагын байырлашкан көчмөн уруулар тууралуу кабарлар берилет. Жаз­мада сактардын үч түрү эскерилген. Алар «сака­тйайий-парадрайа» – «деңиздин (дарыянын) өйүзүндөгү сактар», «сака-хаумаварга» – «хаум­ду кадырлоочу сактар» (б. а. чекенде өсүмдүгүнүн ширесин диний жөрөлгөдө пайдалануучу сак­тар), «сака-тиграхауда» – «чуштугуй калпакчан сактар» деп бөлүнгөн. Дарийдин Бехистун ас­касындагы жазуусунун бешинчи сабында ал кантип тиграхауда сактарын багындырып, жол­башчысы Скунханы туткунга алганы жазыл­ган. 1837-ж. англис офицери Генри Роулинсон 50 м бийиктиктен Б. ж-нын көчүрмөсүн алган. Аны чечмелөөдө бир топ мезгилге чейин оку­муштуулардын арасында талаш-тартыштар бо­луп келген. 1857-ж. гана Лондондо англис оку­муштуулары Г. Роулинсон ж-а У. Тальбот, нем.– франц. окумуштуусу Ж. Опперт ж-а ирландия­лык Э. Хинксттин ар бири өзалдынча окуп чы­гып, чечмелөөдө анын бир маанини билдириши м-н талаш-тартыштар токтогон.