БЕШБЕЛЧИР-АРАШАН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШБЕЛЧИР-АРАШАН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарыланууга жарамдуу жылуу булактар. Нарын обл-нун Атбашы р-нунда, Нарын ш-нан 90 км, Атбашы кыш-нан 60 км түш.-чыгыш тарапта, Атбашы кыркатоосунун түш.-чыгыш капталындагы Арашан өзөнүнүн боюнда, деңиз деңг. 3300 м бийиктикте. Булактар жерг. элге илгертен белгилүү болсо да, алар ж-дө алгачкы геол. маалымат 1920-ж. берилген. Суу девон мез­гилинде пайда болгон акиташ тоотек катмар­ларынан чыгып, бири биринен 30 км аралыкта жайгашкан эки кайнар булактан турат. Дары­лоочу негизги табигый фактору – көмүр кыч­кыл газдуу (СО2–0,44–1,3 г/л), гидрокарбонат­натрий-кальцийлүү суу (минералдануусу 3,5 г/л, темп-расы 20°С); суткалык дебити 436 м3. Суу­ну ичүүгө ж-а ичеги-карын, бөйрөк ооруларын дарылоого болот. Суусу дарылануу үчүн ж-а суу­сундук катары «Арашан» деген ат м-н бөтөл­көгө куюлуп алынат.