БЕШИККЕ БӨЛӨӨ
БЕШИККЕ БӨЛӨӨ – наристени бешикке салуу жөрөлгөсү. Бешик тойдон кийин Б. б. салты жасалат. Адегенде бешикти арча м-н аластап

алат. Ырымдап баланын бешигине көзмончок, тумар тагып, карышкырдын чүкөсүн илишет. Наристени алгач бешикке салууда – бул жооптуу ыйык жөрөлгөнү анын таенеси же киндик энеси аткарат. Ал баланы бешикке бөлөгөндө оң жагынан (Умай эне колдо деп, эмдеп-домдойт) салып, бөлөгөндү жаш энеге үйрөтөт. Энеси бешиктеги баланы көтөрүп, отургандарга жүгүнөт. Алар балага: «Бешигиң кептүү болсун, ата-энең эптүү болсун. Өмүрүң узун болсун, өрүшүң жайык болсун» деген сыяктуу баталарды беришет. Бешикке бөлөнгөн бала негизинен тынч уктайт, колу-буту бекем оролуп, жылуу болот. Баланын буттарын бөлөгөн сайын өйдөтөмөн сылап, түзөп, анан таңат. Бешикке бөлөнгөн баланын сийдиги жайылбайт, алды кургак болуп, уйкусу бузулбайт. Бешиктин үстүнө жеңил, жылуу жабуу жабылат.