БЕШИК КУДА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШИК КУДА – наристе бешикте кезинде эле кудалашуу салты. Бири-бири м-н ымаласы жа­кын эки үйбүлө өзүлөрүнүн жакындыгын күчөтүү максатында, айрым учурларда сөөк жаңыртуу иретинде да Б. к. болушкан. Кудалашкан күндөн тартып, болочок келиндүү болчу тарап калың төлөй баштап, колукту күйөөсүнүн босогосун аттаган күнгө чейин созулушу ыктымал. Нике­лешүүнүн ушул сыяктуу түрлөрү казактарда, өзбектерде, тажиктерде, о. эле Орто Азиянын башка элдеринде да кездешкен. Кийин бул салт жок болуп кеткен.