БЕШИЛИК
БЕШИЛИК , а й р ы – беш ачалуу айры. Мурда жыгачтан, кийинчерээк темирден жасалып, жыгач сапталат. Б. негизинен чөп, саман чөмөлөөдө, ташууда, үйүүдө, жүктөөдө ж. б. иштерде колдонулуп келген. Кийин төрт ача жасалып («төртилик»), бирок айры мурдагысындай эле «бешилик» аталып жүрөт.