БЕШКЕН
БЕШКЕН (беш ж-а кент – б. иран тилинде – кыштак, там, шаар; беш там маанисинде), Т аг а п – Баткен обл-нун Лейлек р-нундагы кыштак. Бешкен айыл өкмөтүнө караштуу. Кожобакырган суусунун боюнда, деңиз деңг. 590 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана ш-нан 80 км түн.-чыгыш тарапта. Пролетарск темиржол бекетинен (Тажикстан) 55 км. 1936-ж. отурукташкан. Калкы 3015 (2002); негизинен дыйканчылыкта ж-а тоют өсүмдүктөрүн даярдоодо эмгектенет. Шарап з-ду, орто мектеп, мад-т үйү, китепкана, оорукана бар.