БЕШКЕН БЕНТОНИТТҮҮ ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШКЕН БЕНТОНИТТҮҮ ЧОПО КЕНИ Баткен обл-нун Лейлек р-нунда, Маргун кыш-нан 8 км түн. тарапта, Белисынык тоосунун түш. этегин­де, деңиз деңг. 1350–1450 м бийиктикте. 1966-, 1973–74-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүр­гүзүлгөн. Кен аймагын палеоген мезгилинде пай­да болгон тоотектер түзүп, басымдуу бөлүгүн антропоген чөкмөлөрү жаап калган. Кен палео­ген тоотектеринин арасындагы ачык жашыл түстөгү бентониттүү чопо катмарларынан турат. Алардын калыңдыгы 5–20 мге жетип, 820 мге чейин созулуп жатат. Чопого өтө (33–35) ийил­чээктик мүнөздүү. Кендеги чопонун грануло­метриялык курамы ж-а аларда кумдун болушу б-ча кен Чыгыш ж-а Батыш деген эки учас­токко бөлүнөт. Батыш участогундагы чопо са­паты б-ча бургулоодо колдонулуучу чопо эрин­дилеринин бардык тех. шарттарын канаат­тандырат. 1997-жылга карата баланстагы запа­сы: А–121 миң м3, В–253 миң м3, С –213 миң м3. Кен 1957-жылдан 1977-ж. чейин казып


алынган. Түн. Тажик бургулоо мекемелери пай­даланган.