БЕШКЕН БЕНТОНИТТҮҮ ЧОПО КЕНИ
БЕШКЕН БЕНТОНИТТҮҮ ЧОПО КЕНИ Баткен обл-нун Лейлек р-нунда, Маргун кыш-нан 8 км түн. тарапта, Белисынык тоосунун түш. этегинде, деңиз деңг. 1350–1450 м бийиктикте. 1966-, 1973–74-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын палеоген мезгилинде пайда болгон тоотектер түзүп, басымдуу бөлүгүн антропоген чөкмөлөрү жаап калган. Кен палеоген тоотектеринин арасындагы ачык жашыл түстөгү бентониттүү чопо катмарларынан турат. Алардын калыңдыгы 5–20 мге жетип, 820 мге чейин созулуп жатат. Чопого өтө (33–35) ийилчээктик мүнөздүү. Кендеги чопонун гранулометриялык курамы ж-а аларда кумдун болушу б-ча кен Чыгыш ж-а Батыш деген эки участокко бөлүнөт. Батыш участогундагы чопо сапаты б-ча бургулоодо колдонулуучу чопо эриндилеринин бардык тех. шарттарын канааттандырат. 1997-жылга карата баланстагы запасы: А–121 миң м3, В–253 миң м3, С –213 миң м3. Кен 1957-жылдан 1977-ж. чейин казып
алынган. Түн. Тажик бургулоо мекемелери пайдаланган.