БЕШМАНТ
БЕШМАНТ – тизеге чейин жеткен, ичине пахта же жүн салынбай ичтелген жеңил тыш кийим. Топчуланма (аял сол, эркек оң жагынан), бели кымча, этеги кең, жакасы тик болуп тигилет. Б. кыргыздардан башка түрк, казак ж-а кавказ элдеринде да бар. Анын – жеңи узун Б. ж-а жеңи кыска Б. деген эки түрү белгилүү.