БЕШТАШ АШУУСУ
БЕШТАШ АШУУСУ Талас Алатоосунун түн.- чыгышында, Бешташ өрөөнүндөгү Коргоншанык суусунун оң куймасынын төрүндө жайгашкан. Бийикт. 3578 м. Шанык (3533 м), Коргоншанык (3425 м) ашуулары катарлаш жатат. Айрым тоо чокулары деңиз деңг. 3969 мге чейин көтөрүлөт. Аймакта рифейдин биотиттүү гранит, гранитдиорит, алардын үстүндө татаал түзүлүштөгү девон-карбон мезгилинде жиреп чыккан андезит, базальт, порфирит интрузиялары, кумдук, конгломерат акиташ тектери жатат. Ашууга 1948–50-ж. Талас ж-а Токтогул р-ндорун байланыштыруучу автомобиль жолу салынган. Экинчи «койжол» Түш. Бешташтын төрүнөн чыгышты көздөй этектеп, Акталаа өрөөнүнүн төрүн басып, 3212 м бийиктиктеги Арым ашуусун ашып, Арым ж-а Чычкан өрөөндөрүнө түшөт.