БЕШ-ТАШ-КОРОО БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ЖАНА ПЕТРОГЛИФТЕРИ
БЕШТАШКОРОО БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ЖАНА ПЕТРОГЛИФТЕРИ – байыркы түрк дооруна (7–8 к.) таандык археол. эстеликтердин тобу. Алар Кочкор өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы Каратоонун этегинде жайгашкан. Аска бетине түшүрүлгөн тоотекелердин, ритуалдык бий аткарган адамдардын сүрөттөрү арбын. Тооте-

келерге жаа м-н аңчылык кылуу көрүнүштөрү, о. эле жылкы, түлкү, карышкыр өңдүү жаныбарлардын чегип түшүрүлгөн келбеттери да кездешет. Сак-усун доорундагы көрүстөндөрдүн көпчүлүгү изилденген. Көрүстөндөрдүн ичинен байыркы түрк дооруна караштуу көрүстөндөр
өзгөчө маанилүү. Алар тоо этегине жакын түзөң 3 коктуда жайгашкан. Маркумдун аты м-н кошо коюу салтына ылайык, көрүстөндөрдөн жоокердин, аялдын, ал тургай жаш баланын да жанынан аттын сөөгү, ооздугу, ээри, үзөңгүлөрү табылган. Ал эми маркумдун өзү гана көмүлгөн көрүстөндөгүлөрдү тирүү кезинде социалдык абалы төмөн адамдар болгон деп болжоого болот. Маркумдун баш жагына койдун жото жилигин (чүкөлүү жилик) коюу салты ошол доордо калыптанып, 13–14-к-га чейин уланган. Археол. эстеликти 1991–94-ж. К. Табалдиев жетектеген археологдор тобу изилдеген.
К. Табалдиев.