БЕШТАШ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШТАШ ӨРӨӨНҮ Талас Алатоосунун түн. капталында. Бешташ суусун бойлой Бешташ ашуусунан (3578 м бийиктикте) түн.-чыгышты карай 54 кмге созулуп жатат. Таманы деңиз деңг. 1250–3500 м бийиктикте жайгашкан. Баш жагы м-н ортоңку бөлүгү капчыгай сымал. Та­лас өрөөнүнө жакындаганда кеңейет да, түндүктү карай бурулат. Рельефи төмөн жагында адыр­луу. Адырлардын этегинде Талас суусун карай акырындык м-н эңкейиш тарткан түздүк жа­тат. Өрөөндүн көп бөлүгүнө орто бийиктиктеги тоолуу рельеф мүнөздүү. Негизинен палеозойдун акиташ ж-а доломит тектеринен түзүлгөн. Алар аскалуу тик беттерди түзөт. Баш жагында инт­рузия тектери да кездешет. Өрөөн аркылуу Беш­таш суусу агат. Деңиз деңг. 3008 м бийиктикте Бешташ көлү жайгашкан. Андан төмөнүрөөктө чакан кооз көлдөр бар. Климаты континенттик, январдын орт. темп-расы –0...–8°С, июлдуку 20–21°С. Бийиктеген сайын климаты өзгөрөт; темп-расы төмөндөп, жаан-чачын көбөйөт. Жылдык жаан-чачыны 300–800 мм. Б. ө. ланд­шафтынын өтө ар түрдүүлүгү ж-а кооздугу м-н өзгөчөлөнөт. Анда кылкан-бетегелүү тоолуу кү­ңүрт-коңур топурактуу талаа зонасынан (1200– 2200 м) баштап, доңузсырты, өлөң, түркүн чөп­түү альп шалбаалары, мөңгү, түбөлүк карга че­йинки ландшафт зоналары бар. 2000–2800 м бийиктикте көккарагай, карагай токойлору ке­зигет. Көккарагай Б. ө-дө гана өсөт. Токой ара­сында четин, арча, кайың, жапайы алма, тал ж. б. бар. Өрөөндүн ооз тарабында Козучак, Бал­бал, Хивинка кыш. жайгашкан. Өрөөн аркы­луу Бешташ ашуусуна, андан Кетментөбө өрөө­нүнө автомобиль жолу өтөт.

Ы. Токторова.