БЕШ ТАШ ТАБИЯТ ПАРКЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШТАШ ТАБИЯТ ПАРКЫ 1996-ж. Түн.-Ба­тыш Кырг-ндын табигый комплексин ж-а биол. ар түрдүүлүгүн коргоо максатында уюшулган. Парк Талас өрөөнүндө, Талас Алатоосунун түн. капталынын борб. бөлүгүн ээлейт. Парктын аян­ты 32411 га. Аймагында татаал өсүмдүктөрдүн 800дөн ашык түрү кездешет, а. и. 28 түрү – то­кой м-н бадалдар. Жаныбарлары: элик, түлкү, суусар, арыс, чил, илбирс, түркстан сүлөөсүнү, кумай, ителги, көкжору ж. б. Бешташ суусун­да жилингир бар. Табият паркында жакынкы жылдарда калктын ж-а чет элдик туристтердин эсалуусу уюштурулган.