БЕШ-ТАШ ТУФ-ЛАВА КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШТАШ ТУФ-ЛА́ВА КЕНИ Талас р-нунда, Талас ш-нан 25 км түш. тарапта, Бешташ кап­чыгайынын ортоңку бөлүгүндө, деңиз деңг. 1900– 2400 м бийиктикте. 1972–73-ж. геол. издөө жу­муштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын брахиан­тиклиналдын борборунда жаткан яшма сымал, ачык түстүү туф-лавасы түзөт. Кооз таштар– липарит курамындагы туф, кээде туфит ж-а туф­лавасы. Калыңдыгы 20–30 см, чанда 1,5 мге че­йинки кабатчалар түрүндө. Өңү негизинен ачык жашыл, анда-санда күрөң, кызгылт күрөң, агыш боз, ак, кызгылт боз, каралжын боз. Алар кезектешип жайгашкан. Таш өтө морт, кооз көрүнөт. Болжолдуу ресурсу 600 миң м3. Таш­тан мозаикалык кооз буюмдарды жасоого бо­лот. Ал эми майда сыныктары көркөмдүк үчүн бетонго кошмо катары пайдаланууга жарактуу.