БИАТЛОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИАТЛО́Н (би… ж-а гр. бthlon – мелдеш) – спорттун кышкы түрү. Оюнчу белгиленген чек­ке лыжа м-н жарышып, мылтык м-н бутаны атып мелдешет. Анда 20 км жүрүштүн 5–18 км аралыгында оюнчу 4 атуу чегинен 150 м ара­лыктагы бутага 5тен ок атат. Ар бир жаза ату­уга 2 мин штраф берилип, жалпы убакытка ко­шулат. Спорттун азыркы 5 түрү ж-а Б. б-ча Эла­ралык союзу 1948-ж. негизделген. Ал 1960-жыл­дан кышкы Олимпиялык оюндардын програм­масына кирген, 1958-жылдан дүйнөлүк чемпио­нат өткөрүлөт.