БИБЛИОГРАФИЯ
БИБЛИОГРА́ФИЯ (гр. biblнon – китеп ж-а –...графия) – басмасөз ж-а колжазма продукциялары ж-дө маалыматтарды даярдап, таратуучу ил.-практикалык тармак. Б-га чыгармалардын мазмунун ачуу, аларды атайын белгилери б-ча бөлүштүрүү, баяндоо, системага салуу, ад-ттардын көрсөткүчтөрүн, тизмелерин, обзорлорун түзүү ж. б. кирет.