БИЗЕ
БИЗЕ́ Жорж (25. 10. 1838, Париж – 3. 6.

вис жана Клотильда» кантатасы үчүн Чоң Рим сыйл. алган. Б. 20дай опера жазган. «Акак издөөчүлөр» (1863), «Перт сулуусу» (1866),
«Арлезиан кызы» (1872) ж. б. чыгармаларында реалисттик тенденциялар таасын көрүнөт. Б-нин чыг-лыгынын туу чокусу – «Кармен» операсы (1874), 1875-ж. Парижде коюлган. Б-нин оркестрдик чыгармалары: «Рим» (1868), «Мекен» драмалык увертюрасы (1874) ж. б. «Апрель ыры», «Пастораль», «Эл кайда көчөт» сыяктуу романстары француз вокалдык лирикасынын мыкты үлгүлөрүнө кирет. Б-нин «Кармен» операсы 1949-жылдан А. Малдыбаев атн. Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрында коюлуп келе жатат.