БИЗНЕС
БИ́ЗНЕС (англ. business) – 1) киреше же башка пайда алып келүүчү экон. ишкердик‚ кандайдыр бир иш-аракет; 2) өндүрүштүк‚ соода‚ коммерциялык ишкана; 3) бир ишкердин же бүтүндөй фирманын коммерциялык практикасы же саясаты; 4) жолдуу бүтүм‚ сатып алуу; 5) «ишкер чөйрө»‚ коммерсанттар чөйрөсү. Активдүү экон. ишкердик‚ коммерциялык иш жүргүзүүчү субъект бизнесмен деп аталат. Ал кандайдыр бир иштин ээси же менежмент‚ маркетинг‚ финансы ж. б. чөйрөсүндө жалданма кызматкер болушу мүмкүн. Бизнесмендин зарыл өздүк сапаты: карьера жасоого‚ өзүн көрсөтүүгө эрки‚ өз турмушун каалагандай жакшыртууга ж. б. далалаты болууга тийиш. Б. бизнесмендин ж-а коомдун кызыкчылыгын канааттандыруучу көп киреше ала тургандай иш м-н алектенүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Биздин өлкөдө чарба жүргүзүүнүн рынок системасына өтүшү м-н Б-тин өнүгүшүнө ж-а ишмердигин кеңейтүүгө жагымдуу шарт түзүлдү.