БИЗНЕC-ПЛАН
БИ́ЗНЕC-ПЛАН (англ. business plan) – жаңы ишкана түзүүдө маанилүү учур. Б.-п. ишкердин өзүнө‚ анын потенциалдуу инвесторлоруна ж-а кызматкерлерине керек. Ишкер өз идеяларынын ишенимдүүлүгүнө‚ инвесторлор идеянын ишке ашарына‚ кызматкерлер түзүлүүчү ишкананын келечегине ж-а милдеттерине күмөндөр болбоого тийиш. Ошондуктан Б.-п-да бүтүмдү жүзөгө ашыруу ж-а пайда табуу программасы камтылат. Б.-п. түзүүдө идеяны ишке ашыруу үчүн ишкердин алдында кандай тоскоолдуктар болору‚ о. эле жаңы ишканада өндүрүлүүчү товарга же көрсөтүлүүчү кызматка суроо-талаптын өлчөмү‚ ишкананын өндүрүштүк ж-а финансылык керектөөлөрү эске алынуусу керек.