БИЙБОСУНОВ Болотбек Ильясович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЙБОСУНОВ Ильяс (25.6.1932-ж. т., Ысыккөл обл., Түп р-ну, Күрмөнтү айылы) - физика-ма­тематика илимд. доктору (1972), проф. (1973), Кырг. ССР ИАнын корр. Мүчөсү (1989).

КРдин

ил. эмг. сиң. ишмер (1993). КМУну (1956), ошол эле жер­де аспирантураны (1959) аяктаган. 1959-жылдан КМУ- даокутуучу, ил. кызматкер. 1961-жылдан Кыргыз ССР ИА ФМИде ил. кызматкер, 1975-жылдан азыркы күнгө чейин КР УИАда лабор. баш­чысы болуп иштейт. Б. 1968-92-жылдары СССР ИАнын алдындагы Астро­номия-геодезиялык коомдун Кыргызстандагы бөлүмүн жетектеп, ал эми 1992-жылдан Кырг-н астрономия-геодезия коомунун төрагасы. Суюк­тук, газ ж-а плазма механикасы б-ча адис. Б. бирөңчөй чөйрөнүн механикасы, теориялык ж-а колдонмо гидроаэродинамика, ошондой эле матем. ж-а теориялык физика облусу б-ча көрүнүктүү окумуштуу. Физика ж-а механика жаатында көп изилдөөлөр ага тиешелүү. Анын 170тен ашык ил. эмгектери, а. и. 4 монографи­ясы жарык көргөн. Негизги эмгектери атм. физикасы, газ динамикасы, бир тектүү эмес чөйрөнүн механикасы, дисперстик ж-а газ-суюк­тук системанын актуалдуу маселелерине арналган. Кырг-ндагы суюктук ж-а газдын механикасы б-ча ил. мектептин уюштуруучусу ж-а же­текчиси. Каныкпаган чөйрөнүн механикасы б-ча иштери респ-нын мелиорациясында маа­нилүү болуп, окумуштуулардын колдоосуна татыган. Жер көчүү ж-а сел жүрүү динамикасын сыпаттап жазуучу физ. ж-а механика-матем. мо­делди иштеп чыккан. Ал жер көчүүнүн меха­низмин изилдөөгө ж-а алардын туруктуулугун баалоого, респ-нын жер көчүү ж-а сел жүрүү кор­кунучу бар региондорунун физика-мех. процесси­нин сандык ж-а сапаттык анализин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Б. «Даңк» ж. б. медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: Приближенно-аналитический метод решения некоторых плоских задач газовой динамики (в соавторстве). Б., 1995; Аналитические методы решения задач двухфазного слоистого течения (в соавторстве). Б., 1999.

Д. Акматова.