БИЙИК ТОО СТАНЦИЯЛАРЫ
БИЙИК ТОО СТАНЦИЯЛАРЫ – 2000 м ж-а андан да бийик тоолордо жайгашып, дайыма байкоо ж-а изилдөө иштерин жүргүзүү арналган пункттар. Милдети б-ча гидрометеорол. ж-а атайын (мөңгүлөргө, кар көчкүлөрүнө, селдин болушуна, күн радиациясына ж. б. байкоо жүргүзүү) станцияларга бөлүнөт. Кырг-ндагы Б. т. с-нын бири – Теңиртоо физикалык география станциясы.