БИЙ КҮҮЛӨРҮ
БИЙ КҮҮЛӨРҮ – комуз, кылкыяк, темир оозкомуз, чоор күүлөрүнүн бир түрү. Алардын кайрыктары кыска, обондуу, ыргактары так, бий мүнөздөрү айкын. Айрыкча комуз күүлөрүндө «Эски бий күү», «Теңсел», «Чайкалма», «Бий күү», «Тактеке», «Селкинчек» аттуу атайын Б. к. кезигет. Б. к-нүн дагы бири – «Калмак бий». Анын 4–5 варианты бар. Бир ыргакты кармап туруу м-н, бийчини экстазга жеткирүү, аны кайрадан күүнүн жандырмагы м-н акыл-эсине келтирүү, элдин көңүлүн ачуу, атайылап күлдүрүү бул күүлөрдүн негизги максаты болгон. Анын айрым үлгүлөрү «Кыргыз музыкасынын антологиясында» өзүнчө жанр катары берилген.