БИЙ МУЗЫКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЙ МУЗЫКАСЫ – элдик оюн-зоок кечелерде бийлерди коштоочу ар кандай жанрдагы музы­ка. Б. м. бийдин түрүнө, жүрүшүнө карата ыр­гакка негизделет. Ал көбүнчө аспаптык ансам­блдин же бир аспаптын (барабан, дап ж. б.) кош­тоосу м-н аткарылат. Б. м. – дүйнөнүн көп эл­деринин музыкасындагы салттуу жанр. Бий өнөрү анча өнүкпөгөн элдерде (мис., казак, кыр­гыз ж. б.) Б. м. пайда болуп, өзалдынча жанр катары өнүгүүдө.