БИЙ МУЗЫКАСЫ
БИЙ МУЗЫКАСЫ – элдик оюн-зоок кечелерде бийлерди коштоочу ар кандай жанрдагы музыка. Б. м. бийдин түрүнө, жүрүшүнө карата ыргакка негизделет. Ал көбүнчө аспаптык ансамблдин же бир аспаптын (барабан, дап ж. б.) коштоосу м-н аткарылат. Б. м. – дүйнөнүн көп элдеринин музыкасындагы салттуу жанр. Бий өнөрү анча өнүкпөгөн элдерде (мис., казак, кыргыз ж. б.) Б. м. пайда болуп, өзалдынча жанр катары өнүгүүдө.