БИЙСК
БИЙСК – Россиядагы шаар. Алтай крайынын түш.-чыгышында. Бия р-нунун борбору. Калкы 227,6 миң (2005). Бия д-ндагы порт. Шаар аркылуу Новосибирск – Ташанта (Чүй тракты) автомобиль жолу өтөт. Темиржол бекети. Аэропорту бар. 1708–09-ж. Бикутан абагы катары негизделген. 1915-ж. Б. Транссибирь магистралына темиржол аркылуу кошулган. Пед. ин-т, ун-т, тех. ун-т, драма театр бар. Алтай крайындагы өнөржайдын өнүгүшүнүн көлөмү б-ча 2-шаар. Б. казан з-ду (Россиядагы кичи ж-а орто кубаттуулуктагы казандарды чыгаруучу ири ишкана), «Алтай витаминдери» (крайдагы эң ири фармацевтика ишканасы), айнекпластика з-ду, фанера-ширеңке комбинаты, тигүү ф-касы иштейт.