БИЛГЕ (МОГИЛЯН) КАГАНДЫН ЭСТЕЛИГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛГЕ (МОГИЛЯН) КАГАНДЫН ЭСТЕЛИГИ – о. кылымга таандык (683–735) археол. эстелик. Монголиядагы Орхон д-нын боюндагы Эрдени Цзу будда монастрынан 60 км түн. жагында жайгашкан. Б. к. э. 1889-ж. Н. М. Ядринцев тарабынан табылган. Эстелик Билге каганга арналган, мазмуну б-ча Күлтегин эстелигине жакын. Эстеликтеги жазмада: «Мен бар, бай элге хан болбодум. Мен сыртында тону, ичкен­ге ашы жок элге хандыкка келдим»,– деп баян­далат, о. эле Билге кагандын ички ж-а тышкы саясаты, анын жортуулдары ж-дө да маалымат берилет. Жазуунун акырында Билге каган­дын тууганы Йолык тегин бир ай төрт күн ичин­де ташка жазуу чегип, эстелик тургузгандыгы баяндалат.