БИЛДИРГИЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛДИРГИЧ , д а т ч и к, а л г а ч к ы ө з г ө р т­к ү ч – текшерилүүчү чоңдукту (басым, темп-ра, жыштык, ылдамдык, которулуш, чыңалуу, ток ж. б.) өлчөөгө, берүүгө, өзгөртүүгө, сактоого, кат­тоого ыңгайлуу сигналга айландыруучу өз­гөрткүч. Чыгыш сигналдары: энергиянын теги б-ча электрдик, пневматикалык, гидравлика­лык; энергия агымынын модуляциясынын мүнөзү б-ча амплитудалык (чыңалуу, ток, газ басымы ж. б.), убакыт импульстук, жыштык, фазалык ж-а дискреттүү (цифралык) болуп бөлүнөт. Эң жөнөкөй Б. бир гана сезгич эле­менттен (термопара, тензо билдиргич, каршы­лык термометри ж. б.), татаал Б. өзгөрткүчтөрү каскаддуу, дифференциалдык, компенсация­лоочу схема б-ча кошулган бир нече элементтен ту рат . Ав томатт ык т екшерүү ж-а жөндөө системасындагы башка элементтерге салыш­тырганда Б. эксплуатациялык эң оор шартта – темп-ра ж-а басым кескин өзгөргөндө ж. б. кол­донулат.