БИЛДИРМЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛДИРМЕ – спорттук мелдешке спортчулар ж-а коллективдердин катышуусу ж-дөгү маа­лымдоо. Б. кайсы коллективдин спортчулары­нын же коллективинин өкүлдөрүнүн атынан түзүлгөнү, спортчунун аты-жөнү, туулган жы­лы, спорттук даражалары, врачтын мелдешке катышуусуна уруксаты көрсөтүлөт. Б-нин кайсы мезгилде жазылганы ж-а ким тарабы­нан бекитилгени көрсөтүлүп, жетекчинин ж-а врачтын колу коюлат. Б. кайсы мөөнөттө тап­шырылышы керек экени (датасы) атайын тү­зүлгөн мелдештин жобосунда жазылат. Калыс­тар тобуна же мелдешти уюштуруучу уюмга Б-ни убагында тапшырбаса, ал мелдешке ка­тышпайт.