БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ – билим берүү тармагын уюштуруунун, башкаруунун ж-а анын иштөөсүнүн негизги принциптерин белгилөөчү, аларды ишке ашыруунун укуктук базасы катары кызмат өтөөчү укуктук акт. КРдин «Билим берүү жөнүндө» мыйзамы 1992-ж. кабыл алынган. 1997-ж. ага өзгөртүүлөр ж-а толуктоолор киргизилген. 2004-ж. КРдин «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзамы кабыл алынган.