БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИН АККРЕДИТАЦИЯЛОО
БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИН АККРЕДИТАЦИЯЛОО – тигил же бул окуу жайлардын ордун аныктоо, ага жараша баа берүү ж-а атайын ишеним (укук) көрсөтүү. Мамл. же мамл. эмес уюмдар тарабынан (мис., кесиптик ассоциациялар ж. б.) белгилүү бир көрсөткүчтөрдүн негизинде өтөт. Аккредитациялоодо жогорку орунду ээлеген окуу жайлар мамлекет тарабынан кошумча финансыланат.