БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН УСТАВЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН УСТАВЫ – окутуу, билим берүү иштерин жүргүзүүчү мекеме­лердин, окуу жайлардын юрид. статусу, билим берүүчүлүк максаты, милдети, иштөө эрежелери, структурасы, сырткы байланышы, ал мекемеде иштеген кызматкерлердин абалына жараша аткарган милдети ж. б. жол-жоболору аныктал­ган расмий документ. Устав билим берүү меке­месинин жалпы чогулушунда бекитилет ж-а анын талаптарын аткаруу мекеменин ар бир мү­чөсү үчүн милдеттүү болот.