БИЛЛИАРД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛЛИА́РД , б и л ь я р д (фр. billard, bille – тоголок шар) – кырлуу столдо шар ж-а жыгач­таяк (кий) м-н ойнолуучу спорттук оюн. Анын столу нооту же түксүз кездеме м-н капталат. Кырынын астында тор баштыктуу 6 тешикче

Файл:БИЛЛИАРД113.png
Белгилүү биллиард-чы К. Сагынбаев оюн учурунда.

(луза) оюлган. Катуу жыгачтан жасалган узун ичке таяк м-н кагып ойнолуучу 16 шары бар. Эки киши ойнойт. Оюнчу таяк м-н шардын бирин мээлеп, оюкка түшүрүү максатында аны м-н башка шарды урат, түшкөн шар оюнду улан­тууга укук берет. Эгер шар оюкка түшпөй калса же башка шарлар м-н кагышпай барып түшсө оюнду улантуу укугунан ажырайт. Шарды күч м-н түртүп киргизүүгө болбойт. Шарды оюкка көп түшүргөн оюнчу жеңишке жетет. Б-дын эларалык спорттук уюмдары бар.