БИЛЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛЛЬ (англ. bill) – Улуу Британияда, АКШ Канада ж. б. англис – саксон укук тутумуна кирген өлкөлөрдө мыйзам чыгаруучу органдар­дын кароосуна киргизилген мыйзамдын долбоору же кабыл алынган мыйзамдын өзү. Б-дин ж-а ага киргизилген алымча-кошумчалардын, то­луктоо-түзөтүүлөрдүн тагдыры парламентте ба­сымдуулук кылган партиянын же парт. блок­тун ээлеген ордуна, көзкарашына жараша че­чилет. Мис., 1968-ж. Улуу Британиянын укук­тары ж-дөгү Б. – Англиянын мамл. мыйзамда­рынын бири, «жазылбаган» Конституциясынын бир бөлүгү, ага 1215-ж-дагы эркиндиктердин улуу Хартиясы, 1628-ж-дагы Укуктар ж-дөгү Петиция (коллективдүү өтүнүч), 1679-ж-дагы Хабеас Корпус Акт, 1701-ж-дагы тактыны (пре­столду) мурастоо ж-дөгү Акт кирген; 1791-ж-


дагы АКШнын укуктары ж-дөгү Б. – АКШнын Конституциясына киргизилген алгачкы он түзө­түүлөр Конгресс тарабынан кабыл алынып, штаттар тарабынан бекитилген. Азыркы учур­да укуктар ж-дөгү Б-дердин окшоштуктары иш жүзүндө бардык мамлекеттердин конституция- ларында бар.

М. Керимбаев.