БИЛЛЬ
БИЛЛЬ (англ. bill) – Улуу Британияда, АКШ Канада ж. б. англис – саксон укук тутумуна кирген өлкөлөрдө мыйзам чыгаруучу органдардын кароосуна киргизилген мыйзамдын долбоору же кабыл алынган мыйзамдын өзү. Б-дин ж-а ага киргизилген алымча-кошумчалардын, толуктоо-түзөтүүлөрдүн тагдыры парламентте басымдуулук кылган партиянын же парт. блоктун ээлеген ордуна, көзкарашына жараша чечилет. Мис., 1968-ж. Улуу Британиянын укуктары ж-дөгү Б. – Англиянын мамл. мыйзамдарынын бири, «жазылбаган» Конституциясынын бир бөлүгү, ага 1215-ж-дагы эркиндиктердин улуу Хартиясы, 1628-ж-дагы Укуктар ж-дөгү Петиция (коллективдүү өтүнүч), 1679-ж-дагы Хабеас Корпус Акт, 1701-ж-дагы тактыны (престолду) мурастоо ж-дөгү Акт кирген; 1791-ж-
дагы АКШнын укуктары ж-дөгү Б. – АКШнын Конституциясына киргизилген алгачкы он түзөтүүлөр Конгресс тарабынан кабыл алынып, штаттар тарабынан бекитилген. Азыркы учурда укуктар ж-дөгү Б-дердин окшоштуктары иш жүзүндө бардык мамлекеттердин конституция-
ларында бар.
М. Керимбаев.