БИОБАШКАРУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОБАШКАРУУ – башкаруучу сигнал катары жандуу организмдердин ар түрдүү аракеттерин пайдаланып, приборлор, механизмдер ж-а түзү­лүштөр м-н башкаруу системасы. Б. дүүлүк­түрүүчү ткандар пайда кылуучу биоэлектр по­тенциалдары, жүрөк-кан тамыр ж-а демалуу системаларынын ишин коштоочу мех. ж-а акус­тика кубулуштары, дене темп-расынын өзгөрү­шү ж. б-га байланыштуу. Бардыгынан биоэлек­трдик башкаруу системасы кеңири таралган. Мындай системаларда булчуңдар, жүрөк, мээ, нервдер пайда кылган биопотенциалдар адеген­де күчөтүлүп, иштелип, андан ары команда берүүчү, башкаруучу сигналдарга айландырылат. Мээнин биопотенциалдарын пайдалануу элект­рэнцефалографы м-н автоматтык башкаруучу приборлорду түзүүгө мүмкүндүк берген. Бул при­борлор кычкылтек жетишсиздигин автоматтык түрдө билдирет, наркоз заттарын берүүнү авто­маттык түрдө башкарат ж-а наркозду белгилүү стадияда кармап турат. Көпчүлүк приборлор жү­рөк биопотенциалдары (оору учурунда электр­кардиограмманын мүнөздүү өзгөрүүлөрү) м-н башкарылат. Приборлор диагностикалык, кат­тоочу аппараттарды иштетүүчү ж-а дарылоочу болуп бөлүнөт. Биоэлектрдик башкаруу техни­када (аралыктан башкарылуучу биоманипуля­торлордо) да колдонулат.