БИОГЕНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОГЕНДЕР , б и о г е н д и к э л е м е н т т е р, б и о г е н д и к з а т т а р – 1) тирүү организим-

N дердин курамында дайыма болуп, белгилүү бир

биол. кызмат аткаруучу ж-а алардын тири­чилиги үчүн өтө керектүү хим. элементтер. Манилүү Б. кычкылтек, көмүртек, суутек, азот,


күкүрт, кальций, калий, натрий ж. б.; 2) тирүү организмдердин тиричилиги бүткөндөн кийин толук ажырап, минералга айланбаган, бирок топурактын кунардуулугун жогорулатуучу ка­сиети бар заттар; 3) тирүү организм калдыктары­нан пайда болгон биол. активдүү заттар (био­линдер, фитонциддер ж. б.); 4) жаныбарлар м-н өсүмдүктүн денесинде белгилүү бир жагдайда пайда болуп, алардын өсүүсүн, демалуусун тез­детүүчү заттар – биостимуляторлор. Мал чарба­сында биостимуляторлор малдын создуккан ылаңдарын (экзема, кысыр калуу, мастит ж. б.) дарылоо үчүн колдонулат.