БИОГЕНДЕР
БИОГЕНДЕР , б и о г е н д и к э л е м е н т т е р, б и о г е н д и к з а т т а р – 1) тирүү организим-
N дердин курамында дайыма болуп, белгилүү бир
биол. кызмат аткаруучу ж-а алардын тиричилиги үчүн өтө керектүү хим. элементтер. Манилүү Б. кычкылтек, көмүртек, суутек, азот,
күкүрт, кальций, калий, натрий ж. б.; 2) тирүү организмдердин тиричилиги бүткөндөн кийин толук ажырап, минералга айланбаган, бирок топурактын кунардуулугун жогорулатуучу касиети бар заттар; 3) тирүү организм калдыктарынан пайда болгон биол. активдүү заттар (биолиндер, фитонциддер ж. б.); 4) жаныбарлар м-н
өсүмдүктүн денесинде белгилүү бир жагдайда пайда болуп, алардын өсүүсүн, демалуусун тездетүүчү заттар – биостимуляторлор. Мал чарбасында биостимуляторлор малдын создуккан ылаңдарын (экзема, кысыр калуу, мастит ж. б.) дарылоо үчүн колдонулат.