БИОГЕНЕЗ ЗАКОНУ
БИОГЕНЕЗДИК ЗА́КОНУ – организмдин филогенези м-н онтогенезинин ортосундагы байланыштарды жалпылоочу эмпирикалык корутунду; организмдин жеке өөрчүү (онтогенез) процессинде бул түрдүн эволюциясынын (филогенез) кыска ж-а ылдам кайталанышы. Филогенездин негизги этаптары онтогенезде кайталанат. Мис., адамдын эмбриондук өнүгүшү эволюциянын бардык баскычтарын басып өтөт. Аны 1866-ж. Э. Геккель ачкан. Бирок, филогенез м-н онтогенездин өзара байланышы ж-дөгү проблема Ч. Дарвиндин эвол. илиминде кеңири изилденген. Бул законго каршы чыккандар аны механизм, витализм көзкарашында түшүндүрүп, биротоло танууга чейин барышкан. Ал эми дарвинчилер анын мазмунун тереңдетип, кээ бир өксүк жактарын түзөтүүгө аракет кылышкан. А. Н. Северцовдун филэмбриогенез теориясында гана чыныгы ил. түшүнүк берилген. Сов. илимпоз И. И. Шмальгаузендин концепциясы организмдин өнүгүү тарыхын анын жекече өнүгүшү м-н кошо карайт. Бул болсо Б. з-ду тереңирээк билүүгө түрткү берген. Эмбриологияда, салыштырмалуу анатомияда ж-а палеонтологияда эвол. изилдөөлөр үчүн бул закондун мааниси чоң. Б. з. жөнөкөйдөн татаалга карай сапаттуу өнүгүү мыйзамдарынын ж-а эвол. теориянын табигый-ил. негизи бар экенин ырастады.
Ад.: Кайданов Л. З. Генетика популяций. М., 1996; Шварц С. С. Экологические закономерности эволюции. М., 1980.
Г. Шаршеналиева.