БИОГРАФИЯ
БИОГРА́ФИЯ (био... ж-а ...графия), т а р ж ым а л – 1) адам өмүрүнүн тарыхын жазуу; тарыхый, көркөм ж-а илимий проза жанры. Адабияттаанууда жазуучунун өмүр жолу жазылат. Бул же тигил акын же жазуучунун чыг-лыгын изилдөө ишинде, аны үйрөнүүдө өмүрбаяндык фактылардын, турмуштук окуялардын мааниси чоң. Көптөгөн өлкөлөрдө «Өрнөктүү адамдардын өмүрү» деген ад-т сериясы чыгууда. Алардын ичинде акын-жазуучулар да бар. Кийинки жылдары кыргыз ад-тында А. Осмоновдун, Ж. Турусбековдун, М. Элебаевдин чыг-лык өмүр жолуна К. Жусупов («Ыр сабындагы өмүр»), С. Бөлөкбаев («Биздин Жусуп» повести), О. Сооронов (Мукай ж-дө биографиялык мүнөздөгү чыгармалары) кайрылышты. Мамл. ж-а коомдук ишмерлер И. Раззаков, С. Ибраимов, Ж. Ибраимов, К. Оторбаев ж. б. ж-дө да биографиялык чыгармалар жазылды; 2) адам өмүрү. ...