БИОЛОГИЯЛЫК КЫЧКЫЛДАНУУ
БИОЛОГИЯЛЫК КЫЧКЫЛДАНУУ – тирүү организмде ферменттердин таасири м-н жүрүүчү окистенүү-калыбына келүү реакциялары. Анын негизинде организм кабыл алган орг. зат м-н кычкылтектен акырында суу ж-а көмүр кычкыл газы пайда болот. Бул – бир нече баскыч м-н өтө турган татаал процесс. Ал ж-дө 2 концепция бар. Биринчисин орус окумуштуусу А. Н. Бах (1897), экинчисин В. И. Палладин (1908) негиздеген. Бул 2 концепция биригип, кычкылтекти ж-а суутекти активдештирүү теориясын жаратат. Окистенүүчү заттардан калыбына келүүчү затка суутек м-н электрондорду өткөрүп берүүчү атайын ташыгычтар (никотинамид-аденин-динуклеотиддер – НАД, флавин нуклеотиддер, хинондор, цитохромдор ж. б.) бар. Б. к. реакциясынын энергиясынан түзүлгөн аденозинтрифосфат (АТФ) бардык биосинтез реакцияларга активдүү катышат. Анын энергиясынын айрым бөлүгү жылуулук үчүн жумшалса, кээ бири организмдин энергия булагы катары (негизинен АТФ түрүндө) жыйналат. Зат алмашуунун негизинде пайда болгон ж-а сырттан кирген уулуу заттар Б. к. жолу м-н зыянсыздандырылат.
Ад.: Готтшалк Г. Метаболизм бактерий / Пер. с анг. М. 1982.