БИОЛОГИЯЛЫК МЕМБРАНАЛАР
БИОЛОГИЯЛЫК МЕМБРАНАЛАР – клетканын, анын ичиндеги бүртүкчө, каналча, ыйлаакчалардын беттерин каптап турган эң жука түзүлүштөр. Анын калыңдыгы 100 Еден ашпайт, көбүнчө 3 (ортоңку, биомол. липиддик ж-а белоктук) катмардан турат. Анын кээ биринде липид ж-а белок хим. байланышта болгон бир аз углевод бар. Ал мембрананын сырткы бетинде жайгашкан. Клеткадагы зат алмашуу, заттарды бир жерден экинчи жерге ташуу, энергиянын бир түрүн экинчи түрүнө айландыруу, нерв импульстарын пайда кылуу, фагоцитоз ж-а пиноцитоз Б. м-дын катышуусу м-н гана ишке ашат.