БИОЛОГИЯЛЫК ОТУН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОЛОГИЯЛЫК ОТУН , б и о о т у н – ажыроо процессинде жылуулук бөлүнүүчү түрдүү орг. материалдар. Ал жылытманы (теплица), күнөс­кананы (парник) ж-а топуракты жылытуу үчүн колдонулат. Б. о. катары жылкы, уй ж-а кой­дун кыгы, турмуш-тиричилик таштандысы, жы­гач таарындысы, текстиль өнөржайынын кал­дыктары, чирибеген чымкөң колдонулат. Б. о­ду кеч күздө тегерегин өз өзүнчө бекитип, нык­тап, үстүнкү бетин жаап, темп-ра 0–10°Сде кар­малат. Керектөөгө 2–3 жума калганда майда­ланат. Түтөшүн тездетүү үчүн нымдуу кык кур­гагы м-н аралаштырылат. Эгерде 1 жумада түтөп чыкпаса, анда ысытылган таш же өчүрүлбөгөн акиташты арасына коюш керек.