БЕЙШЕКЕ
БЕЙШЕКЕ – Талас облусунун Кара-Буура районундагы кыштак. Бейшеке айыл өкмөтүнө караштуу. Сарымсакты бөксө тоосунун этегинде, Талас каналынын боюнда, деңиз деңгээлинен 887 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыштагынан 16 км. Маймак (Казакстан) темир жол бекетинен 65 км. 1930-жылы отурукташкан. Калкы 1684 (2006); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, китепкана, соода түйүнү, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.