БЕКБОЕВА Алый

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:33, 20 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКБОЕВА Алый (12. 6. 1886, Нарын облусу, Нарын району, Ак-Талаа кыштагы – 1977, ошол эле жер) – кыргыз саймачысы; Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1959). Анын саймачылыкка, оймочулукка болгон кызыгуусу бала кезинен эле башталып, өмүрүнүн 56 жылын кыргыздын эл­дик көркөм кол өнөрчүлүгүнүн өнүгүшүнө жум­шаган. 1957-жылы жаштардын ж-а студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалына көркөмдүгү боюнча айырмаланган 30дан ашуун туш кийиз, 25тей аяк кап, 30 шырдак, ондогон боз үйгө боо-чуу жасап өткөргөн. 1958-жылы кыргыз адабияты ж-а иск­усствосунун Москвадагы он күндүгүнө катышкан. Бекбоева – улуттук оймо-чийме ж-а кеште салуунун мыкты чебери. Саймаларында кыргыз жергеси­нин бай жаратылыш бөтөнчөлүгү, чеберчили­гинин, ой жүгүртүүсүнүн молдугу ачылат. Бекбоеванын колунан жасалган асем буюмдар Санкт-Петер­бургдагы этнография музейине, Москвадагы Чыгыш элдеринин көркөм өнөр музейине ж-а Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейине коюлган. КРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин «Саймачы Алый Бекбоева» деген эмгеги Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинен орун ал­ган. Бекбоева Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.