БЕКИТҮҮЧҮ ТЕТИКТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:52, 21 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКИТҮҮЧҮ ТЕТИКТЕР – машина ж-а конструкция­нын ажырама бөлүктөрүн бириктирүүчү тетик­тер. Ал жалпы мамлекеттик стандарт же ведомство­лук нормалар боюнча атайын өндүрүштө массалык түрдө жасалат. Машина курууда колдонулуучу тетиктерге: бурама сайлуу бекиткичтер – бу­роо, бурама, бурама мык; жардамчы тетиктер – эбелек, тушак (шплинт), өзөкчө (штифт) ж. б. кирет. Чеге, мыктар да Бекитүүчү тетиктер болуп эсептелет.