БЕКТЕНОВ Касымалы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:41, 21 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКТЕНОВ Касымалы (1910, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Кара-Ой кыштагы – 20. 6. 1975, Биш­кек) – жазуучу, драматург ж-а артист. Рабфак­ты бүткөн (1929). 1929–34-жылдарда Нарын кантонун­дагы комсомол комитетинде, республикалык радио комитетте иште­ген. Москвадагы А. В. Луначарский атындагы театр институтун бүткөн (1941). Улуу Ата Мекендик со­гуш мезгилинде Советтик Армиянын катарында кыз­мат өтөгөн. 1945–47-жылдарда Кыргыз мамлекеттик драма те­атрында артист, Пржевальскидеги облустук драма театрында башкы режиссёр, 1952–57-жылдарда Кыргыз мамлекеттик драма театрдын директору, Кыргызстан ки­нематографисттер союзунун председателинин орун басары, 1964-жылдан Кыргыз мамлекеттик филар­мониясында иштеген, кинофильмдерге тартыл­ган. Адабий чыгармачылыгы 1950-жылдан башталган. 1953–55-жылдарда «Тоо арасында», «Көк ирим көлдүн жээгинде», «Ашууда», «Бир цехтин адамдары» аттуу аңгемелерди жазган. 1955-жылы анын «Бере­келүү өрөөн», «Бут башка таарынат» аттуу пье­салары коюлган. Бектенов «Куйручук» (1960), кыргыз­дын биринчи революционеринин өмүрүн баян­даган «Таабалды Пудовкин» (1-китеп, 1959; 2-китеп, 1962), «Райкандын күлкүсү» (1963), «Сөөк өчтү» (1967), «Мени унутпа» (1971), «Ай­кын жол» пьесаларынын, балдарга арналган бир нече китептин, ж. б. чыгармалардын автору. Бектеновдун айрым китептери орус тилине которул­ган. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.