БЕКТЕНОВ Касымалы
БЕКТЕНОВ Касымалы (1910, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Кара-Ой кыштагы – 20. 6. 1975, Бишкек) – жазуучу, драматург ж-а артист. Рабфакты бүткөн (1929). 1929–34-жылдарда Нарын кантонундагы комсомол комитетинде, республикалык радио комитетте иштеген. Москвадагы А. В. Луначарский атындагы театр институтун бүткөн (1941). Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1945–47-жылдарда Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист, Пржевальскидеги облустук драма театрында башкы режиссёр, 1952–57-жылдарда Кыргыз мамлекеттик драма театрдын директору, Кыргызстан кинематографисттер союзунун председателинин орун басары, 1964-жылдан Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген, кинофильмдерге тартылган. Адабий чыгармачылыгы 1950-жылдан башталган. 1953–55-жылдарда «Тоо арасында», «Көк ирим көлдүн жээгинде», «Ашууда», «Бир цехтин адамдары» аттуу аңгемелерди жазган. 1955-жылы анын «Берекелүү өрөөн», «Бут башка таарынат» аттуу пьесалары коюлган. Бектенов «Куйручук» (1960), кыргыздын биринчи революционеринин өмүрүн баяндаган «Таабалды Пудовкин» (1-китеп, 1959; 2-китеп, 1962), «Райкандын күлкүсү» (1963), «Сөөк өчтү» (1967), «Мени унутпа» (1971), «Айкын жол» пьесаларынын, балдарга арналган бир нече китептин, ж. б. чыгармалардын автору. Бектеновдун айрым китептери орус тилине которулган. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.