БЕКТЕНОВ Зияш

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:52, 21 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БЕКТЕНОВ 1 to БЕКТЕНОВ Зияш) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКТЕНОВ Зияш (1911, Ысык-Көл облусу, Түп району, Кең-Суу кыштагы – 1994, Бишкек) – тилчи, адабият­чы, жазуучу, котормочу, кыргыз филология илимин негиздегендердин бири.

«Манас» эпо­сун алгачкы изилдөөчүлөр­дөн. КМУнун ардактуу профессору (1991), КРдин эмгек сиңирген му­галими (1991). Кыргыз агар­туу институтун (1930), кийин Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн (1940). 1930–31-жылдарда Сүлүктү районунда (азыркы Баткен–Лейлек) окуу бөлү­мүнүн башчысы, 1931–32-жылдарда Москвадагы СССР элдери­нин борбордук басмаканасынын кыргыз секциясында жооптуу редактордун орун­ басары, 1932–34-жылдарда Кыргызмамбаста окуу-ме­тодикалык бөлүмдүн башчысы, ошол эле учур­да башкы редактор, 1940–42-жылдарда Пржевальск (азыркы Каракол шаары) мугалимдер институтунун ди­ректорунун орунбасары, «Кыргызстан» басмасы­нын редактору (1946), 1946–49-жылдарда СССР ИАнын Кыргыз филиалынын тил, адабият ж-а тарых институ­тунда улук илимий кызматкер, «Манас» секторунун башчысы болгон. Күнөөсүз репрессияланып, 10 жылга эмгек лагерине жөнөтүлгөн (1950). 1955-жылы реабилитацияланып, түрмөдөн бошо­тулган. 1961–94-жылдарда КМУнун улук окутуучусу. 1933-жылы 3–4-класстын (Т. Байжиев м-н бирге) Кыргыз тилинин алгачкы окуу китебин чыгар­ган. Кийин 1940-жылы «Манастын» 1-бөлүмүнүн сю­жетин кара сөзгө айлантып (С. Орозбаковдун ва­рианты боюнча) жазып чыккан. Анын «Ачуу-тат­туу аралаш» (1992), «Менин замандаштарым жө­нүндө эскерүү» (1993) аттуу китептери репрес­сия мезгилиндеги саясий кырдаалды кабарлап турат. 1946-жылы 4-класстын (У. Абдукаимов, Х. Карасаев м-н бирге) «Биздин адабият», 1948– 49-жылдарда (Т. Байжиев м-н бирге) орто мектептин 8-классынын «Кыргыз адабияты» (фольклор), орус мектептеринин 3–4-класстары үчүн «Кыр­гыз тили» (1959), 5-класстын «Кыргыз адабия­ты» (1963), 4-класстын «Кыргыз адабияты» (1969) окуу китептерин жазган. Ал көптөгөн прозалык, драмалык ж-а фольклордук чыгар­маларды, анын ичинде, А. Фадеевдин «Талкалоо» рома­нын (1957; 1974), «Таңдалмалар» (1980), «Жаңы жыл алдындагы күн» (1986), Н. Гоголдун 1-то­мун («Диканькага жакын хутордогу кечелер») ж. б. кыргыз тилине которгон.