БЕКТУРГАНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:58, 21 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКТУРГАНОВ Кубанбек – (1944-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Мантыш кыштагы) – социолог, социология илимдеринин доктору (2006), профессор (2006). КМУнун механика-математика факультетин (1970) бүтүргөн. 1977–80-жылдарда Ломоносов атындагы ММУнун аспирантурасында окуп, колдонмо со­циология б-ча кандидаттык диссертациясын коргогон (1980). 1981–82-жылдарда жана 1988–92-жылдарда ФПИде улук окутуучу, декан. 1983–84-жылдарда Кыргыз­стан КП БКда инструктор, 1985–87-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын философия ж-а укук таануу институтун­да изилдөө борборунун башчысы, 1992–93-жылдарда КМУда декан, 1993–96-жылдарда кафедра башчысы болуп иштеген. Бир нече монографиянын ж-а 80ден ашуун илимий эмгектердин, макалалардын ав­тору. Медалдар м-н сыйланган.