БЕЛ (Ноокат районундагы кыштак)
БЕЛ – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Бел айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Ноокат шаарынан 12 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 36 км. Ноокат – Кызыл-Кыя автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1445 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 4332 (2002); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана, амбулатория, дарыкана бар.